Европа олимпиадасында кыргызстандык окуучу кыз коло медалга ээ болду
Программалоо боюнча кыздардын Европа олимпиадасында Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу Айпери Акжолтоева коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлады.Ага ылайык, 21-июлдан 27-июлга чейин аталган олимпиадага информатика боюнча 50дөн ашык өлкөдөн 194 окуучу кыз катышты.
"Кыргыз курама командасынын жетекчиси №61 АФММЛ ОКнын информатика боюнча олимпиаданын машыктыруучусу Артем Беляев жана "Сапат" олимпиада борборунун информатика боюнча машыктыруучусу Кылычбек Урайымов болду.
Ал эми №61 АФММЛ ОКнын 11-классынын окуучусу Варвара Глинова сертификатка татыды", - деп айтылат анда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















