Чүйдө 45 жаштагы киши эки айдан бери изделип жатат
Чүйдүн Аламүдүн районунда 45 жаштагы Александр Гаврилюк дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.Ал ушул жылдын май айынын аягында Виноградное айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, арыкчырай дене түзүлүштө, сакалы болушу ыктымал. Психикалык жактан жабыркайт.
Кийген кийимдери: сезондук кийим кийип жүрүшү мүмкүн.
Александр Гаврилюк тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге байланышса болот: +996 555 230 490, +996 755 074 720.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















