Новосибирсктеги окуу жай кыргызстандыктарга 10 орун бөлдү. Документтерди кабыл алуу жүрүүдө
Орусиянын Новосибирск шаарындагы Сибирь мамлекеттик байланыш жолдор университети Кыргыз жарандары үчүн “Темир жол куруу” адистиги боюнча билим алууга 10 бюджеттик орун бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.Маалыматка ылайык, абитуриенттер 15-августка чейин inter_sgups@stu.ru электрондук дарегине төмөндөгү документтерди жибериши зарыл:
- арыз
- паспорттун көчүрмөсү
- орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын көчүрмөсү.
Университеттин кызматкерлери Бишкекте информатика, математика, физика жана орус тили боюнча кирүү сынактарын дистанттык форматта кабыл алышат. Бюджеттик негизде окууга кабыл алынган студенттер жатакана менен камсыздалат.
Белгилей кетсек, Сибирь мамлекеттик байланыш жолдор университетине тапшыруу үчүн ЖРТ сертификаты талап кылынбайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















