Чаткалда кол өнөрчүлөрдүн фестивалы өтөт
10-11-август күндөрү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда “Өзгөчө Чаткал шырыгы жана кырк курак – 2024” аталышындагы фестиваль өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.Маалыматка ылайык, кароо-сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан кол өнөрчүлөр, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер жана маданият кызматкерлери катыша алат.
"Аймактардан келген уз-чеберлер атайын белгиленген жерге буюмдарын жайгаштырат. Ар бир катышуучу өздөрүнүн алып келген эмгектери туурасында 5 мүнөттүн ичинде айтып берүүсү зарыл. Катышуучулардын бардыгы улуттук кийимде болуусу шарт. Калыстар тарабынан кол өнөрчүлөргө суроолор берилиши мүмкүн", - деп жазылат анда.
Фестивалдын максаты – кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу экени айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















