Бишкекте көп кабаттуу турак үйдөн ири өрт чыкты
Бишкекте көп кабаттуу турак үйдөн ири өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, калаадагы Анкара көчөсүнүн №5 дарегинде жайгашкан толук курулуп бүтө элек көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 22:02де Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1, №5 ӨКБдан 2, №8 ӨКБдан автошаты жана штаб тартылган.
Ал эми буга кошумча саат 22:23тө Свердлов райондук №3 ӨКБдан дагы 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Жалпы 4 күжүрмөн эсеп жеринде өрт өчүрүшүүдө.
ӨКМ кошумча маалымат берилерин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















