Эмгек министрлиги: "16 миңден ашуун кошумча жумуш орундары түзүлдү"
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 16 миңден ашык кошумча жумуш орундары түзүлгөнүн маалымдады.Ага ылайык, жылдын аягына чейин министрлик 38 миңден ашуун жумуш орундарын түзүү боюнча жоопкерчиликти өзүнө алган.
Бүгүнкү күндө социалдык келишим программасын ишке ашыруунун алкагында 9800, акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын алкагында 5800, ал эми жеке ассистенттин кызматын көрсөтүүдө 446 жумушчу орун түзүлгөн.
"Калган жумуш орундары жыл аягына чейин 23 миң жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен социалдык келишим түзүүнүн негизинде ишке ашат.
Ошондой эле мамлекеттен каржылоо алган үй-бүлөлөр менен кошумча жумуш орундарын ачуу, акы төлөнүүчү коомдук иштердин, жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнүн алкагында түзүлөт", - деп жазылат анда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















