Бакай-Атада сел жүрүп, унаа өтчү көпүрө жараксыз абалга келди
Кечээ, 18-августта Талас облусунун Бакай-Ата районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.Ага ылайык, райондун Үрмарал өзөнүндө суу ташкындап, жолдун айрым жерлерин суу каптады. Натыйжада аймактагы жеңил унаалар өтө турчу көпүрө жараксыз абалга келген.
Учурда №47 Жол тейлөө ишканасы тарабынан абалды жөнгө салуу аракети көрүлүүдө. Суунун деңгээлинин төмөндөшү менен жолду бекемдөө жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөрү айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















