Ысык-Көлдөгү сел: Энергетика министрлигинин билдирүүсү
Кечээ, 18-августта Ысык-Көлдүн айрым райондорунда сел жүрүп, анда электр жабдыктары жабыркаган эмес. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-августта Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын Чолпон-Ата РЭТинин кызматкерлери сел каптаган көчөлөрдү кыдырып, электр жабдыктарынын абалын текшерүүдө.
"Жалпысынан сел жүргөн аймактарда электр жабдыктары жабыркаган эмес. Кыйшайып калган бир нече электр мамыларын түздөө иштери жүргүзүлдү", - деп жазылат анда.
Учурда Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын кызматкерлери селден көбүрөөк жабыркаган Темиров жана Кашат айылдарынын суу каптаган көчөлөрүн үймө-үй кыдырып, жарыгы өчкөн абоненттерди электр жарыгына кошуу иштерин жүргүзүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















