Ысык-Көлдөгү сел кесепеттерин жоюуга 681 адам, 59 атайын техника тартылды
Бүгүн, 20-августта таң эрте Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагында катталган селдин кесепеттерин жоюуга жалпы 681 адам, 59 атайын техника чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору кабарлады."Анын ичинен ӨКМден 358 куткаруучу, 7 инженердик техника, 8 мотопомпа, ал эми Жарандык коргонуу кызматынан 323 кызматкер жана 33 ХОВО унаасы, 16 жүктөгүч, 7 экскаватор, 3 ассенизатор тартылды. Темировка, Булан-Сөгөттү жана Корумду айылдарына бөлүнүп, айыл ичинде тазалоо иштерин жүргүзүшөт", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек,18-августта саат 21:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду, Темировка айылдарын жана "Ысык-Көл Аврора" эс алуу жайын сел суулары каптаган. Үч районго өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Жабылган каттамдар кечээ, 19-августта жанданды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















