Өлкөдө жаратылыш кырсыктары болушу мүмкүн болгон аймактардын тизмеси жарыяланды
Кыргызгидромет кызматынын шашылыш билдирүүсүнүн негизинде, 23-25-август күндөрү туруксуз аба ырайына, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүүсү, таш кулоосу күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта ӨКМдин маалымат борбору билдирди.Республиканын унаа жолдоруна кооптуу сел жүрүү, таш кулоо айрыкча:
- Бишкек–Ош унаа жолунун 221-251, 9, 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында;
- Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында;
- Бишкек – Балыкчы – Боом капчыгайындагы унаа жолдун 112-128-чакырымдарында;
- Балыкчы – Бөкөнбаева – Каракол унаа жолунун 60, 201-чакырымдарында;
- Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол 1-43, 65-100-чакырымдарында;
- Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;
- Ош – Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;
- Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;
- Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 -чакырымындарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.
Министрлик өлкө жарандарын, айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















