Тоң районундагы унаа жолду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат
Ысык-Көл облусундагы Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дөң-Талаа унаа жолунун Туура-Суу-Темир-Канат тилкесин калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, жолду оңдоо иштери №33 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан аткарылып жатат.
Белгилей кетсек, 21-август күнү Тоң районундагы Зындан көлү жарылып, айылды каптоо коркунучу жаралган. Мындан улам Туура-Суу-Темир-Канат жолу жабылып, суунун нугун буруу менен алдын алуу иштери жүргүзүлгөн. Ал эми жеңил унаалар Тогуз-Булак жана Ак-Сай-Көк-Сай альтернативдик жолу менен каттай баштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















