Военно-Антоновкада ойногону чыккан 7 жаштагы Амир дайынсыз жоголду
Сокулук районунда 2017-жылы туулган Нуркайыпов Амир аттуу бала изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Чүй ОИИБинен билдирди.
Маалым болгондой, 1-сентябрь күнү милицияга Военно-Антоновка айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал уулу ошол эле күнү саат 16:20 чамасында үйдөн ойногону чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин айткан.
Бул факты каттоого алынып, издөө иштери башталган.
Өзгөчө белгилери: бою 110-120 сантиметр, үстүндө боз түстөгү футболка, кара шорта, бутунда жеңил жайкы бут кийим.
Милиция Амирди көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 0313 45-33-80, 0312 60-75-67.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















