Кантка жакын жердеги үрөй учурган кырсыктан 7 адам каза болду
Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда катталган жол кырсыгы 7 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 2-сентябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан тастыктады.
Маалыматка ылайык, батыштан чыгышты көздөй бара жаткан Subaru Outback үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөгү жарылып кетип каршы тилкедеги Mercedes-Benz Sprinter менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен дагы бир Sprinter, Toyota Camry жана Toyota Voxy унаалары сүзүшкөн.
"Натыйжада 7 адам көз жумду. Дагы такталууда. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ, 1-сентябрь күнү беш унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталганы белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















