Бишкекте жаңы №5 автобус каттамга чыкты
Бишкекте №5 троллейбустардын ордуна жаңы муниципалдык автобустар каттамга чыкты. Бул тууралуу шаардык троллейбус башкармалыгынан билдиришти.Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 4-сентябрдан тарта №5 троллейбустар каттаган каттам боюнча жаңы автобустар иштей баштайт.
Жолду оңдоо иштерине байланыштуу автобустар убактылуу Медеров көчөсү менен жүрөт.
Белгилей кетсек, №5 автобустук каттам Жал кичи районунан Тунгуч кичи районуна чейин каттайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















