super.kg logo
  Саясат  

Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты (сүрөт)

 

Президент Садыр Жапаров 8-сентябрда Казакстандын баш калаасындагы “Астана Арена” стадионунда өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясы билдирди.

Ачылыш аземге Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Татарстандын башчысы Рустам Минниханов, Саха Республикасынын (Якутия) башчысы Айсен Николаев жана башкалар да катышты.

Иш-чарада Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучу өлкөлөрдүн парады болду. Андан соң Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, көчмөндөрдүн тарыхы жана дүйнө таанымы тууралуу видеоролик жана театрлаштырылган шоу көрсөтүлдү.

Президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон иш сапарын аяктап, 8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү Бишкек шаарына кайтып келди.

Эске салсак, оюндар 8-13-сентябрь аралыгында Астанада өтөт. Иш-чарага дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: