Ала-Арчага келген казакстандык турист бутун сындырып алды
Ала-Арча капчыгайына келген турист бутун сындырып алып, ага куткаруучулар жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Окуя 9-сентябрь күнү болгон. Анда министрликке Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайынан түшүп келе жаткан 5 туристтин бири бутун сындырып алганы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине саат 16:00дө 5 куткаруучу тартылган.
"Куткаруучулар токтобостон 10-сентябрга караган түнү деңиз деңгээлинен болжол менен 2800 метр бийиктиктеги тоодон атайын шаймандардын жардамы менен 1988-жылы туулган Т.А. аттуу аял кишини алып түшүп, күндүз саат 14:25те "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Аталган турист Казакстан Республикасынын жараны болгон. Ал эми калган 4 турист жабыркаган эмес", - деп билдиришти ӨКМден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















