Чүйдө ур-токмоктон каза болгон окуучунун ишин ИИМ жеке көзөмөлүнө алды
Чүй облусунун Комсомол айылында ур-токмоктон каза болгон 15 жаштагы өспүрүмдүн ишин Ички иштер министри жеке көзөмөлгө алды. Бул туурасында бүгүн, 11-сентябрда облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди.
Белгилей кетсек, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Комсомол айылынын 9-классынын окуучусу каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында 16 жаштагы өспүрүм каргашалуу окуяга шектелип кармалган.
Учурда окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















