Кыргыз-Өзбек чек арасындагы 15 жыл мурун жабылган "Кең-Сай" өткөрмө бекети кайрадан ачылды
Кыргыз-Өзбек чек арасында кечээ, 12-сентябрда кайрадан жаңы курулган “Кең-Сай" өткөрүү пункту ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
“Кең-Сай – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пункту Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кызыл-Туу айылында жайгашкан. Аталган бекет Өзбекстан тарабынан "Үч-Коргон" (Уч-Курган) өткөрүү пункту деп аталат.
Көзөмөл-өткөрүү пунктун мындан 15 жыл мурун Өзбекстан бир тараптуу жапкан эле. Учурда кайрадан ишке киргизилген бул бекет күнү-түнү иштейт, эл аралык макамга ээ.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















