Ошто тергөөчүнү сабоого шектелген 4 жаран кармалды
Ош шаарында түнкү клубдардын биринин алдында тергөөчүнү сабоого шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта окуя 9-сентябрга караган түнү саат экиде болгону айтылат. Анда 28 жаштагы Кара-Суу РИИБинин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү К.М.ны бейтааныш жарандар сабап кеткен.
Окуя боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.
Шектүү катары 22 жаштагы, 21 жаштагы жана 23 жаштагы 2 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иликтөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















