Бишкектеги Авиация институтунда бомба изделип жатат
Бүгүн, 17-сентябрда Бишкектеги Кыргыз авиациялык институтунда бомба коюлду деген маалымат түшүп, имарат курчоого алынды. Маалыматты Ленин РИИБинен тастыкташты.
Билдирүүгө ылайык, милицияга бүгүн саат 9:24 чамасында окуу жайдын имаратына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты райондук милициянын маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Милиция кызматкерлери имараттын аймагын курчоого алышкан. Учурда тиешелүү издөө жана текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Кошумча маалымат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















