super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди

 

Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга 17-сентябрда болгон бир күндүк иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Астана шаарында “Борбор Азия - Германия” мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышты.

Ошондой эле ал Германиянын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту. Президент бизнес-делегация мүчөлөрүнүн көңүлүн гидроэлектростанцияларды куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында кыргыз тарап менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө бурду. Анда ал Германиянын логистикалык компанияларына Кыргызстандагы стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууну сунуштады.

Мындан тышкары Садыр Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушту. Президент Кыргызстандын башкы милдеттеринин бири чет элдик инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө экенин баса белгиледи. Кыргызстан германиялык компаниялардын өлкөгө алып келе турган тажрыйбасын жана билимин жогору баалайт.

Андан соң Эгемендүүлүк сарайында Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары менен Германиянын Федералдык канцлерин тосуп алуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи болду. Иш-чарага Казакстан, Германия, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышты.

Садыр Жапаров Казакстанга болгон иш сапарын аяктап, 17-сентябрда Бишкек шаарына кайтып келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: