Төө-Ашууда жолду кардан тазалоо иштери жүргүзүлдү
Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусуна кар жаап, атайын техниканын жардамы менен жолду тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, азыркы учурда күн ачылууда. Каттам үчүн тоскоолдук жок. Жеринде жолчулар нөөмөттө кызмат өтөп, атайын техника менен камсыздалган.
Мекеме аталган иштерди №9 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан аткарылганын кошумчалашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















