Ысык-Көлдөгү зордукталган 9 жашар кызды коомдук фонд коргоого алды
«Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова жактоочу Индира Саутова менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда зордукталган 9 жаштагы кызды коргоого алды. Бул туурасында кечээ, 17-сентябрда фонддун маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, буга чейин кыздын апасы жардам сурап, аталган фондго кайрылган.
“Жабыркаган кызды коргоону натыйжалуу уюштуруу үчүн биздин фонд президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен дайыма байланышта”, - деп калтырган билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, 9-сентябрда Жети-Өгүз РИИБине 9 жаштагы кызды эки киши зордуктаганы тууралуу арыз түшкөндүгүн айткан. Ага байланыштуу эки жаран кармалып, ИИМ ишти жеке көзөмөлүнө алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:13
2025-08-17

15:40
2025-08-16

14:30
2025-08-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.