Министрлик өлкөдө кызамык менен ооругандар азайганын айтты
Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө кызамык илдетинин катталуу учурлары төмөндөгөнүн билдирди.Ага ылайык, вирустун негизги катталуу аймактары Бишкекте жана Чүйдүн борборго чектеш эки районунда байкалууда.
1-сентябрдан 17-сентябрга чейин республика боюнча кызамык оорусуна чалдыккан 49 учур катталган. Ал эми июль айында 828, август айында 260 учур катталган.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын башынан бери Кыргызстанда кызамык оорусунун жалпы 13 320 учуру катталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















