Бишкекте транспорт салыгын төлөбөгөндөргө карата рейд жүргүзүлдү
Бишкектин Свердлов районунда кыймылдуу мүлк салыгын толук жыйноону камсыз кылуу боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, 4-топтогу мүлк салыгын төлөө мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Патрулдук милициясы менен биргеликте транспорт каражаттарына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзгөн.
Натыйжада айып пул салуу үчүн 5 акт түзүлдү.
Белгилей кетсек, транспорт салыгын төлөө мөөнөтү 2024-жылдын 1-сентябрында аяктаган. Транспорт каражаттарына салык төлөөдөн качкандар үчүн айып пулдар: жеке жактар үчүн - 1000 сом, юридикалык жактар үчүн - 5000 сом.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















