Өлкөдө бир аптада мас абалында унаа башкарган 199 айдоочу аныкталды
Өлкө аймагында бир жума ичинде (16-сентябрдан 22-сентябрга чейин) 14 617 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.Ага ылайык, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1507 унаа айып короо жайына токтотулган.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаргандар - 405;
- Мас абалында унаа башкаргандар - 199;
- Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 38;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан эреже бузуулар - 915;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 2225;
- Авто ээнбаштык - 6;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3280;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –7549;
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















