super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Камчыбек Ташиев Оштогу "Достук" чек ара өткөрмө жайын күтүүсүз текшерди

 

Бүгүн, 25-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу Кыргыз-Өзбек чек арасындагы "Достук" чек ара өткөрмө постуна күтүүсүз барды. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов Фейсбук баракчасына жарыялады.

Маалым болгондой, Ташиев ал жердеги абал менен таанышып, кемчиликтерди көрүп, тийиштүү жетекчилерге жана кызматкерлерге жеринен тапшырмаларды жана эскертүүлөрдү берди.

"Камчыбек Ташиев чек ара өткөрүү пунктунда эки тарапка өтүп жаткан жарандардын узун кезекте турганына күбө болду. Анда ал мындай абалга жол берип жаткан кызматкерлерге ыкчам иштөөгө, айрыкча жарандардан жана унаалардан пара алууга, коррупцияга жол берилбеши керектигин катуу эскертти", - деп жазылат маалыматта.

Алдыда дагы өлкө аймагындагы чек ара өткөрмө жайларына жана башка мекемелерге күтүүсүз текшерүүлөр менен барарын, эгер талаптагыдай жумуш жүрбөй жаткан болсо, аёосуз чаралар көрүлөрүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: