ЖКККББ жол эрежелерин сактоого үндөгөн сынак жарыялады
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата сынак жарыялады. Бул тууралуу мекемеден бүгүн, 27-сентябрда билдирди.Маалыматка ылайык, сынакта жол эрежелерин сактоого, жолдо жүрүү маданиятын калыптандыруу жана жол кырсыгы катталган учурда жарандар бири-бирине көмөк көрсөтүүгө үндөгөн чакыруулар камтылышы шарт.
Сынакка ыр, кара сөз (аңгеме, баяндама), видео (10 мүнөттөн ашпаган) түрүндө материалдар кабыл алынат. Аларды мамлекеттик же расмий тилде даярдалса болот.
Материалдарды ЖКККББ guobddmvdkr@gmail.com электрондук дарегине же (0709) 287290 WhatsApp, Телеграм номуруна 15-октябрга чейин жөнөтүү зарыл.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге (0709) 287 290 (0703) 700 333 кайрылса болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















