Бишкекте үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөн жаран кармалды
Бишкекте үй-бүлөсүнө тынчтык бербей, зомбулук көрсөткөн жаран кармалды. Бул туурасында Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 24-сентябрда милицияга Л.М. аттуу аял арызы менен кайрылган. Анда, ошол эле күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Ак-Кула көчөсүндө жайгашкан үйүнөн жолдошу оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, тынчтык бербей жатканын билдирип, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери 1990-жылы туулган О.Д. аттуу жаранды аныкташкан.
Ага карата укук бузуулар кодексинин 70-беренесине (Үй-бүлөлүк зомбулук) ылайык протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
27.09.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















