Энергетика министри өлкө электр энергиясын импорттоодон качан кутуларын айтты
Өлкө 2027-жылга чейин электр энергиясын импорттоодон кутулат. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрдагы Жогорку Кеңештин "Элдик" депутаттык тобунун жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Ал учурда электр энергиясына болгон таңкыстык 300-400 мегаватт экенин белгиледи. Ошондой эле министр 2 жыл аралыгында тыштан көмүр сатып алуу токтой турганын айтты.
"Урматтуу президентибиз 2027-жылга чейин электр энергиясын импорттоодон кутулуу боюнча тапшырма койгон. Мына акырындык менен көмүрдү сатып алуудан кетип жатабыз. Мындан толук 2 жылда кутулабыз деп пландап жатабыз", - деди Ибраев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















