Садыр Жапаров эртең Москвага барат
Өлкө башчы Садыр Жапаров 7-8-октябрда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Орусиянын Москва шаарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-октябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.
КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















