Жала-Абад облусунан келип адашып жүргөн бала Ош шаарынан табылды
Ош шаарында адашып жүргөн бала жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилген. Окуя 6-октябрда болгондугун Ош ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.Маалымдалгандай, Жалал-Абад облусунун 2008-жылы туулган Т.Ы. аттуу тургуну 5-октябрь күнү айылдашынын тоюна барам деп үйүнөн чыгып, адашып калгандыгы аныкталган.
"Милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлсүз жүргөн баланын ден-соолугуна, интелектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келүүсү жана ар кандай кылмыштарга же укук бузууларга аралашуусуна жол бербөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Аны бүгүн, 7- октябрда атасы 1953-жылы туулган Т.А. алып кетти", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















