"Акысыз болот". Өлкөдө экинчи чейректен баштап окуучулар электрондук күндөлүк колдоно баштайт
Экинчи чейректен тарта мектептерде билим берүү процессин башкарууну, билим берүүнүн сапатын баалоону жана окуу-методикалык материалдарды бириктирген биринчи улуттук портал болгон электрондук күндөлүк пайдаланыла баштайт. Бул туурасында бүгүн, 8-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.Маалымдалгандай, электрондук күндөлүк ачык-айкындуулукту жогорулатууга, мектеп, окуучулар жана алардын ата-энелери ортосундагы өз ара байланышты жакшыртууга, ошондой эле окуу процессин оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.
Электрондук күндөлүктү колдонуунун негизги артыкчылыктары:
1. Маалыматка оңой жетүү;
2. Окуу процессинин ачыктыгы;
3. Google Classroom менен интеграциялоо;
4. Маалыматтарды автоматташтыруу;
5. Окуу-методикалык комплексти санариптештирүү;
6. Бардык колдонуучулар үчүн акысыз кирүү.
"Бул бардык окуучуларга материалдык абалына карабастан бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздап, билим сапатын жакшыртуу үчүн ар бир адамга заманбап санариптик чечимдерди колдонууга мүмкүндүк берет. Электрондук күндөлүк – бул билим берүү тармагында санариптик башкарууга толук өтүү жолундагы маанилүү кадам болуп саналат", - деп кошумчаланган маалыматта.
Министрлик электрондук күндөлүк окуучулар жана алардын ата-энелери, мектептер үчүн акысыз боло тургандыгын маалыматта баса белгилеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















