Кант шаарында ири өрт кырсыгы катталды
Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы Пионер көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бириде өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, жерине өрттү өчүрүүгө саат 20:38де Ысык-Ата райондук №27 өрткө каршы бөлүмүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми 20:49да кошумча жардамга дагы бир бөлүм тартылган.
“Өрттүн көлөмү чоң болгондуктан, жардамга саат 21:25те №4 өрткө каршы бөлүмдөн 1 эсеп чакыртылган. Өрттү өчүрүүдө жалпы 3 бөлүм иш алып барды. Тилсиз жоо 22:16да чектөөгө алынып, толук өчүрүү жүргүзүлдү”, - деп айтылат.
Учурда тилсиз жоонунун себеби аныкталууда. Жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















