Аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө үч эм жарыкка келди
Коргоо министрлигинин аскер кызматкери Дастан уулу Мирлан менен келинчеги Алмазбек кызы Нуриза үч эм наристелүү болушту. Бул тууралуу министрликтен бүгүн, 16-октябрда маалымдашты.Ага ылайык, наристелер 12-октябрда жарыкка келип, ысымдарын Асел, Атай, Бакай коюшкан.
Сержант Дастан уулу Мирлан 26 жашта. Ал 2017-2018-жылдары 36806 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп, андан соң ошол эле аскер бөлүктө 7 жылдан бери кызматын улантып келет.
Түгөйлөр буга чейин бир уулду тарбиялап келишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















