Кара-Сууда 12 жаштагы бала инисин тир менен атып алды
Кара-Суу районундагы талаада агасы инисин кокусунан тир мылтыгы менен атып алды. БУл тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.Окуя кечээ, 19-октябрь күнү Кара-Суу районунун Датка айылындагы талаада болгон. Анда милицияга 2018-жылы туулган П.С. аттуу бала денесинен жаракат алып, орууканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө аны агасы 2012-жылы туулган М. кокусунан тир мылтык менен инисинин ичине атып алгандыгы маалым болгон. Дарыгердин айтуусу боюнча баланын ички органдары жабыркаган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















