Кыргызстанда кызамыкка каршы эмдөө өнөктүгү башталды
Кыргызстанда 21-октябрдан 4-ноябрга чейин кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө өнөктүгү өтөт. Бул жөнүндө Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.Маалыматка ылайык, вакцинаны биринчи кезекте 9 айдан 7 жашка чыга элек эмделбеген балдар алат. Вакцина кызамыктын белгилери бар адамдар менен байланышта болгондорго да сайылат.
"Кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө балага 12 айында жана 2 жашка чыкканда жасалат. Ошондой эле эмдөөнүн тазалоочу дозасы 9 айдан 7 жашка чыга элек балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда же ФАПта акысыз сайылат", - дешти министрликтен.
Суроолор боюнча ишеним телефон номерлери: 0(312) 323011, 0(999) 323011, 0(703)126442, 0(703) 232564.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















