Бишкектин бир бөлүгүндө жылуулук берүү убактылуу токтотулду
Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунун түштүк тарабында жылуулук берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда калаа мэриясы кабарлады.Анда айтылгандай, жылытуу системасында мүчүлүштүктөр келип чыккандыктан төмөнкү даректерде жылуулук берүү токтотулду:
- Чыгыш-5 кичи районундагы 2/3, 3/3, 4/3, 5/3, 6/3, 7/3, 8/3, 13, 13/2, 17/2, 18/2, 10/4, 10/6, 10/7, 10/5 үйлөр;
- С. Кийизбаев көчөсүндөгү 89/1, 87, 33, 31, 22, 22/1 үйлөр;
- Армейский көчөсүндөгү 50/1 жана 10/3 имарат (жеке бала бакча жана мектеп).
Адистер учурда мүчүлүштүктөрдү жоюу үстүндө иштеп жатышат. Жылуулук берүү кечки саат 20:00гө чейин калыбына келтирилет. Ошол эле учурда жогоруда аталган үйлөргө ысык суу берилип жатканы кабарланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















