Беларуста Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт
Беларустун Минск шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.Ага ылайык, иш-чара бүгүн, 24-октябрда башталып, 27-октябрга чейин уланат. Анда кыргыз тасмалары көрсөтүлүп, өлкөнүн материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарын чагылдырган көргөзмө уюштурулат.
Иш-чаранын алкагында илимий жана чыгармачылык интеллигенциянын форуму өткөрүлүп, эки өлкөнүн көрүнүктүү коомдук жана маданий ишмерлери катышат. Программаны кыргыз искусствосунун устаттарынын гала-концерти жыйынтыктайт. Ал Беларусь мамлекеттик филармониясында өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















