Чүйдө 16 жаштагы өспүрүм кыз дайынсыз болууда
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 2008-жылы туулган Токтобекова Даткайым Токтобековна дайынсыз болуп жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын милициясына жакындары кайрылып, ал кечээ, 24-октябрь күнү таңкы саат 08:00дө үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегенин айткан.
- Белгилери: бою 165-170 сантиметр, арык чырай, чачы кара.
- Кийген кийими: кара шым, ак куртка, бутунда күрөң түстөгү бут кийим.
Милиция Даткайымды көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 0312 60-73-63, 0701 15-35-12.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















