super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Майыптыгы барларга шарт түзбөй курулуш жүргүзгөндөрдүн жоопкерчилигин кароо долбоору коомдук талкууга чыкты

 

Имараттарда, курулмаларда, жолдордо, көпүрөлөрдө, бекеттерде майыптыгы бар жарандарга шарт түзбөгөн жактардын жоопкерчилигин күчөтүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев демилгелеп, коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, мамлекеттик органдар жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар майыптыгы бар адамдар үчүн турак жайларды, коомдук, административдик жана өндүрүштүк имараттарды, курулмаларды, эс алуу жайларын жана башка маданий-көңүл ачуу мекемелерди ыңгайлаштырып курууга, ошондой эле коомдук транспортту дагы ыңгайлаштырып, алардын эркин жүрүүсү үчүн шарттарды түзүүгө милдеттендирилет.

Мындан тышкары мыйзамда азыркы курулуштар майыптыгы барларга мүмкүнчүлүк түзүп берүү караштырылбастан курулуп жатканын белгиленип, мындар ары бул маселе эске алынуусу керектиги жазылган.

"Жеке менчик юридикалык жактар чыгашалардын чоң болорун шылтоо кылып, жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча курулуш ченемдерин сакташпайт. Ошол эле учурда контролдоочу органдар мектептерди, бала бакчаларды жана калкты тейлөөчү имараттарды алардын келип-кетүү шартын эске албастан ишке киргизүүнү кабыл алып жаттышат. Майыптыгы барлар коомдук иш-чаралардан тышкары калып, мамлекет тарабынан тийиштүү көңүл бурулбай калууда", - деп айтылат негиздемеде.

Сунушталган долбоор боюнча жогорудагы талаптарды аткарбаган жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып пул салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: