Төө-Ашууда чоң жүк ташуучу унааларга кайрадан чектөө киргизилди
Бүгүн, 29-октябрда Төө-Ашуу ашуусунда Бишкек-Ош унаа жолунун 81-чакырымында (п.Сосновка) чоң жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди. Бул туурасында “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ басма сөз кызматы билдирип, саат 12:35теги маалыматы менен бөлүштү.Маалымдалгандай, көпчүлүк унаалар жайкы дөңгөлөктөрү менен жолго чыгып, каттамда кыйынчылык жаралып, тыгындар болууда. Ошондой эле, атайын техниканын жумушуна тоскоолдук жаралууда.
Кошумчалангандай, учурда №9 ЖТИ кызматкерлери тарабынан жолду кардан тазалоо жана кум-туз аралашмасын себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ал эми ишкана ашуу тилкелерге сөзсүз кышкы дөңгөлөк менен чыгууга, тайгакка каршы чынжырларды алып жүрүүгө чакырат. Ошондой эле 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















