Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды
Бүгүн, 29-октябрда Төө-Ашуу ашуусунда Бишкек-Ош унаа жолунун 81-чакырымында (Сосновка) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул боюнча "Кыргызавтожол-Түндүк" мекемеси кабарлады.Ага ылайык, №9 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан атайын техниканын жардамы менен жолду кардан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери кызуу жүрүүдө.
Мекеме ашуу тилкелерге сөзсүз кышкы дөңгөлөк менен чыгуу керектигин жана 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгын эскертти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















