Жумгалда жоголгон ата-баланы издөөгө учкучсуз учуучу аппараттар тартылды
Бүгүн, 30-октябрда Жумгалда дайынсыз жоголгон эки тургунду издөөгө учкучсуз учуучу аппараттар тартылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.Маалыматка ылайык, өлкө башчысынын тапшырмасы менен Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон ата-баланы издөөгө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын учкучсуз учуучу аппараттар бөлүмүнүн кызматкерлери кошулду.
"Учкучсуз учуучу аппараттар издөө иш-аракеттеринин натыйжалуулугун кыйла жогорулатып, жетүүгө кыйын болгон жерлерди жана кеңири аймактарды изилдөөгө жардам берет", - деп билдирди ИИМ.
Белгилей кетсек, 16-октябрда Жумгалдын Өрнөк айылында 49 жаштагы Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен мал кайтарганы кетип, дайынсыз жоголгон.
Алардын аты Көкөмерен дарыясынан табылып, кайтарып жаткан малы чачырап кеткени белгилүү болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери 19-октябрда башталган. Бүгүн, 30-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан издөөгө 104 адам чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















