Кара-Көлдөгү Жазы-Кечүү айылында жакында алгачкы бала бакча ачылат
Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылында алгачкы ирет салынган бала бакчаны ноябрь айында пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 31-октябрда билдирди.
Белгилүү болгондой, аталган бала бакча жергиликтүү бюджеттин эсебинен салынууда.
Жазы-Кечүү аймактык башкармалыктын башчысы Күзөркан Таштанкулованын айтымында, бакчанын ордунда мурун эски кампа болгон.
"Айыл элин кубанткан бакчанын орду тек гана бош жаткан эски кампанын орду эле. Элдин өтүнүчү жана суроо-талаптардын негизинде маселе көтөрүлүп, жергиликтүү бюджеттен каржылоонун негизинде иш башталган", - деди ал.
Белгилей кетсек, аталган айылда 5 жашка чейинки 200гө чукул бала бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















