Ош облусунун аймагында жер титиреди
Бүгүн, 31-октябрь саат 16:02де Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматында айтылат.Ага ылайык, жер титирөө Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга (Кара-Киндик айылынан 8 чакырым түштүк батышта, Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түндүк чыгышта, Ош шаарынан 110 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















