Эртең "Ала-Тоо" аянтында эстрада ырчыларынын катышуусунда концерт өтөт
Эртең, 2-ноябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган концерт өтөт. Бул туурасында бүгүн, 1-ноябрда Маданият министрлиги билдирди.Анда маалымдалгандай, концерттик программа саат 18:00дө башталып, ага кыргыз эстрада жылдыздары катышат.
Белгилей кетсек, 1926-жылы 2-ноябрда Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу Молдогазы Токобаевдин "Кайгылуу Какей" аттуу драмасы коюлган. Бул датаны эске алуу менен 1995-жылы 28-июлда Кыргыз өкмөтү маданият ишмерлеринин күнүн 2-ноябрда белгилөө тууралуу №318 токтомун чыгарган.
Кыргыз ССРинин Маданият министрлиги алгач 1953-жылы 15-мартта негизделген. Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин 1991-жылдын январь айынан тарта Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги болуп өзгөргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















