ӨКМ Жумгалда ата-баланы издөө ишин убактылуу токтотту
Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында ата-баланы издөө иши кеч киргендигине байланыштуу саат 18:21де токтотулду. Бул боюнча ӨКМ кабарлады.Маалыматка ылайык, эртең, 3-ноябрда кайрадан таң эрте издөө иши улантылат.
Бүгүн саат 7:20да башталган издөөгө жалпы 100 адам чыгышты. Издөө иштери жеринде министрдин орун басары Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, натыйжа болгон жок.
Белгилей кетсек, 16-октябрда Жумгалдын Өрнөк айылында 49 жаштагы Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен мал кайтарганы кетип, дайынсыз жоголгон.
Алардын аты Көкөмерен дарыясынан табылып, кайтарып жаткан малы чачырап кеткени белгилүү болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери 19-октябрда башталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















