Ысык-Көлдө 100 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды
Бүгүн, 12-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 100 орундуу жаңы оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.Маалыматка ылайык, капсула салуу аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова, аталган облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев катышкан.
Иш-чарада министр мамлекет жарандардын саламаттыгына кам көрүү жана ден оолугун чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын белгилеп өткөн.
Ошондой эле жаңы имаратын курууга республикалык бюджеттен 282 миллион сом бөлүнгөнү маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















