Тургундардын эсине! Бишкекте №8 троллейбустун ордуна автобус жүрөт





Бишкек шаарында, эртең, 13-ноябрдан тарта мурдагы №8 троллейбустун ордуна ушул эле номердеги автобус жүрө баштайт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аны менен катар айрым автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси өзгөртүлдү.
Маселен, №146, №104 муниципалдык автобус каттамдарынын акыркы аялдамасы Алма-Ата көч., 1/1 дарегиндеги “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетине чейин узартылды.
Ал эми №40 муниципалдык автобус каттамы Чүй проспектиси менен Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейин келип, Жибек-Жолуна түшүп, андан ары буга чейинки кыймыл чиймеси менен каттайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-18

16:27
2025-08-18
11:26
2025-08-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.